2018-жылдын 18-ноябрнда  шаардын борборунда «Эрежени сактоо менен-өмүрдү сактайлы»  аталышындагы акция өткөрүлдү  

 Белгилүү болгондой, ноябрь айынын үчүнчү жекшеби күнү Бүткүл дүйнөлүк жол унаа  кырсыгынан каза болгондорду эскерүү күнү. Бул  күнү дүйнө жүзү  жол кырсыгынан каза болгондорду эскеришет.

  2018-жылдын 18-ноябрнда  шаардын борборунда «Эрежени сактоо менен-өмүрдү сактайлы»  аталышындагы Бүткүл дүйнөлүк жол унаа кырсыгынан каза болгондордун эскерүү күнү карата, « Pro Lex » коомдук фонду жана Темир Джумакадыров атындагы “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмеси менен биргеликте акция өткөрүлдү.

   Акциянын максаты-  жол кыймылынын катышуучуларын жол кыймылынын эрежелерин сактоого шыктандыруу жана жолдо өзүн  алып жүрүү маданиятына оң таасир берүү.   

  Акциянын алкагында жолдо өзүн алып жүрүү боюнча  500 ашуун буклеттер тапшырылды, ошондой эле айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп, №12 мектептин окуучулары чоңдорго арналган каттарын окуп беришти.

Кыргыз Республикасынын ИИМнин ЖКККББ   баарыңыздарды жакындарыңызды  коргоого жана сак болууга чакырат. Балдарды коргоп, аларды жол өзүн туура алып жүрүүгө үйрөтүпөзүбүз  мисал болсок!