Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери жана бөлүмдөрү 9-ноябрдан 15-ноябрга чейин 16611 жол кыймылынын эрежелерин бузууну аныктады


 

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери жана бөлүмдөрү 9-ноябрдан 15-ноябрга чейин 16611  жол кыймылынын эрежелерин бузууну аныктады

 

Анын ичинен;

         -371  айдоочу тыюу салуучу жол чырагынан өткөн.

         -Унаа каражатын мас абалда башкарган 234  айдоочу кармалган.

         - 1377 айдоочу унаа каражатын  жогорку ылдамдыкта башкарган.

         -Жол белгилерин сактабагандыгы үчүн- 2549   айдоочуга айып салынган.          

 -1328 айдоочу унаа каражатын жарык чыгаруучу приборун иштетпей айдаган.   

   -1534 айдоочу башка жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жараткан.

         -унаа каражатын башкарууда коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн- 4236 айдоочуга айып салынган.   

-Унаа каражатынын алдыңкы жана каптал  айнегин караңгылатуу боюнча 33 айдоочуга чара көрүлгөн.

-Уюлдук телефонун колдонуу эрежесин бузган-3164 айдоочуга айып салынган.

 

894   унаа каражаты атайын унаа токтотулуучу жайга токтотулган.