Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын башчысы  автомектептин өкүлдөрү менен жолугушту

  2018-жылдын 17-ноябрнда Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын башчысы милициянын полковниги Канат Джумагазиев Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун автомектебинин өкүлдөрү менен чогулуш өткөрдү.

   Бул иш-чара ЖКККББнын демилгеси менен  автомектептерде окуган курсанттарды үгүт-насаат жана рейддик  иш-чараларга биргелешип кызматташууга чакыруу максатында өткөрүлдү.

  ЖКККББнын башчысы К.Джумагазиев автомектептин өкүлдөрүнө кайрылып, курсанттарды рейддик иш-чараларга тартуу  менен жол кыймылынын эрежелерин тууралуу билимдерин тереңдетип  жана кызматкерлерге жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого жардам көрсөтөт.

  Өз кезегинде автомектептин өкүлдөрү ЖКККББнын демилгесин колдоп, курсанттар үчүн атайын жилеттер даярдалып, биргелешкен графиктин негизинде рейддик иш-чараларга жана үгүт-насаат иш-чарасынын алкагында башталгыч класстын окуучуларына жолдон өтүүгө жардам берет.  

  Жолугушуунун жыйынтыгында ЖКККББнын башчысы автомектептин өкүлдөрүнө курсанттарды сапаттуу окутууга жана үйрөтүүгө көңүл буруусуна басым жасады.