Анапа шаарында болуп өткөн мамлекеттер аралык жаш жол кыймылынын тескөөчүлөрү сынагынан Кыргызстандын мектеп командалары биринчи орунду ээледи


Ош облусунун Ноокат районунун К.Бобулов атындагы мектебинин “Үч жарык” мектеп окуучулар тобу Россия федерациясынын Краснодар облусунун Анапа шаарында болуп өткөн эл аралык жаш жол кыймылынын тескөөчүлөрү сынагынан баш байгеге ээ болуп кайтышты. 
Сынакта бардыгы болуп 50 топ катышкан. Жарыш мектеп окуучулары арасында 5-октябрдан 14-октябрга чейин өттү. Ноокат районунун мектеп окуучулары- жаш жол кыймылыны тескөөчүлөрүнүн (ЮИД) мүчөлөрү, бардык жол кыймылынын эрежелерин жатка билгендигин гана эмес, ар тараптан өнүккөн чыгармачыл жана активдүү экендигин көрсөтө алышты. Эл аралык жаш жол кыймылынын тескөөчүлөрүнүн арасында Россия жана КМШ өлкөлөрү - Беларусия, Айзербайжан, Казахстан, Тажикистан, Өзбекстан жана Кыргызстандын балдар жана кыздары катышышты. Бул иш-чаранын тематикалык максаты жаш өспүрүмдөрдүн катышуусу менен болгон жол унаа кырсыктарын азайтуу үгүт-насаат иш-чарасы, коомчулукка көйгөйдү жеткирүү жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоонун кесибин пропагандалоо.
“Коопсуз дөңгөлөк” жарышынын этабы боюнча лидер болгон мектеп окуучулары коргошту. Эки аптанын ичинде катышуучулар жол кыймылынын эрежелерин билгичтигин көрсөтүп, ишмердик оюндарга жана атактуу коноктор менен болгон чогулуштарга катышып, жыйынтык чыгарып, Россиянын Жаш кыймыл тескөөчүлөр Интернет-клубуна иш-мерчемдерди түзүштү. Жол кыймылын көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери катышуучулар менен тажрыйбасы жана долбоорлору менен бөлүшүштү. Ошондой эле, эл аралык жолугушууда Россия ИИМдин аймактык бөлүмдөрүнүн жол кыймылын камсыздоонун пропагандалоо кызматкерлерине жана КМШ өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнө тегерек столдор өткөрүлүп, бул тармак боюнча эл аралык кызматташууну өнүктүрүү тууралуу талкуулар болуп өттү.