29-октябрда Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери ардактуу эс алууга кызматкерлерин узатышты

 ЖКККББнын башчысынын орун басары милициянын полковниги  Ыманалы Саркулов кызматкерлерге кызматтык милдеттерин  так аткаргандыгы жана  жарандардын саламаттыгын жана өмүрүн сактагандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, ден соолук каалап, эстелике белектерди тапшырып, ошондой эле жарандык ишмердигинде өздөрүн көрсөтө алаарын баса белгилей кетти.

 Мааракенин ээлерине көптөгөн жылуу сөздөр айтылып. Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын  башчысынын орун басары милициянын подполковниги Нур Сатыбалдиев  кесиптештердин кызматына ыраазычылыгын билдирип: “ Сиздер кызматка көптөгөн жылдарыңызды коротуп, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо чоң салымыңыздарды коштуңуздар. Өздөрүңүздүн топтолгон тажырыйбаңыздар менен жаш кызматкерлерге бөлүшүп тыгыз байланышта болууга чакырам. Сиздерге кааларым чын ден-соолук, узун өмүр.”

 ЖКККББнын жетекчилерине жана өздүк курамына Сандыбаев Мухтар өзүнүн ыраазычылыгын билдирди: “Сиздерге чоң рахмат бирлегешип иштешкениңиздерге! Мен мындан ары Кыргыз Респубдикасынын ИИМдин ЖКККББнын жаңы ардагери катары иштешүүгө даярмын”.