Ош облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери «Балдар биздин келечегибиз!» аталышындагы үгүт-насаат иш чарасын өткөрдү

Ош облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери Ош облусундагы окуу жайлырдагы окуучулар жолдордо жана көчөлөрдө жүрүүдө  жол кыймылынын эрежесин жана жолдо коопсуздукту сактоо тууларуу  «Балдар биздин келечегибиз!» аталышындагы үгүт-насаат иш чарасын өткөрүү уланууда. 

Бул үгүт-насаат иш чарасы  Ош облусунун Кара-Суу,Өзгөн, Ноокат,Алай, Кара-Кулжа, Чоң-Алай жана Араван райондорунда  өткөрүлдү. Тескөөчүлөр окуучуларга жана ата-энелерге жол кыймылынын эрежесин сактоого жана жолдо жүргөн  жөө жүргүнчүлөргө кандай коркунучтар болоору тууралуу көрсөтүп да беришти.

Окуучулар жол кыймылынын эрежеси боюнча өздөрүнүн билимдерин тереңдетип, өздөрү менен болгон окуяларды айтып берип,кызыктырган суроолорун берип, жооп алышкан.

Өз кезегинде окуучулар өздөрүнүн таланттарын ырдап бийлеп көрсөтүштү.

 Иш-чаранын жыйынтыгында окуучулар ЖКККБнын кызматкерлерине ыраазычылыктарын билдирип, жол кыймылынын эрежелерин сактоого сөз беришти.