2018-жылдын 18-октябрнда Бишкек ШИИББ боюнча ЖКККБ үгүт-насаат иш чарасын өткөрдү

2018-жылдын 18-октябрнда Бишкек мериясынын Муниципалдык ишканасынын Бишкектеги жүрүгүнчү ташуучу автоунаа ишканасынын чогулуш залында, Бишкек ШИИББ боюнча ЖКККБнын кызматкерлери жана техникалык жол көзөмөлдөө  бөлүмүнүн башчысы  милициянын подполковниги Б.Алымов жана жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы милициянын подполковниги М.Чалыбаев бул ишкананын айдоочулар тобу менен үгүт-насаат иш чарасын өткөрдү.  Күн тартибинде  жол кыймылынын эрежелерин саткоо  каралды. Ошондой эле Бишкек шаарында автобустун катышуусу менен болгон жол унаа кырсыктарын азайтуу. Мындан тышкары республика аймагында аба-ырайынын кескин түрдө өзгөрүшүнөн улам ( жаандын каарга айланышы) жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусундагы жол унаа кырсыктары, унаалардын кагылышуусу, унаа каражаттарынын аралыкты сактабагандыгы,ошондой эле маневр жасаоонун эрежелерин бузгандар Бишкек шаарында кездешүүдө. 2018-жылдын 9 айында Бишкек жүргүнчү транспорт ишканасынын айдоочулары тарабынан  55 жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы катталган.