Бишкектеги жол транспорт кырсыгынын жыйынтыгында аял каза болгон окуяга  күбө болгондор же көргөн, билгендер болсо кайрылууңуздарды суранабыз

 10-октябрда болжол менен кечки саат 20.40 Медеров көчөсүндө, алдында «Garden» мейманкана жайгашкан жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден болжол менен 45-50 жаштагы аялды сүзүп, из жашырып кеткен. Жашоого мүмкүн болбогон катуу алган жаракатынан улам ооруканадан көз жумган.

 Унаанын айдоочусу- болжол менен БМВ үглгүсүндөгү Е34 номурлуу, нымдуу асфальт өңүндөгү унаа сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББ жол-транспорт кырсыгына күбө болгон же көргөн, билгендер болсо 0705974777 0555974777 (күнү-түнү) номуруна кайрылууңуздарды суранабыз.

 Жол транспорт кырсыгын жасаган унаанын айдоочусуна өз алдынча жана ыктыяры менен Бишкек ШИИББ боюнча ЖКККБнын издөө бөлүмүнө түшүндүрмө берүүгө келүүнү сунуштайбыз.