ИИМдин ЖКККББнын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жол кыймылынын эрежелерин бузган Мерседес-Гелендваген үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочулар тобун кармашты

  2018-жылдын 9-октябрнда  массалык маалымат каражаттарынан “11 джип “Геленваген” Бишкектин борборунда жолду жаап алышты” аталышындагы видео тасма тараган.

 Видео тасмада жолтандабас унаалар тарабына  жол кыймылынын эрежесин бузуу далили ачык көрсөтүлгөн. Далилдин негизинде  Бишкек шаары боюнча ЖКККБнын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам-издөө иш чарасын жүргүзүп, жыйынтыгында 7 Мерседес-Гелендваген үлгүсүндөгү автоунаалар кармалып, “Автобейбаштык” беренеси менен  административдик жоопкерчилике тартылган.

 Унаа каражаттары айып унаа токтотуучу жайга токтотулуп, жол кыйымылын эрежелерин одоно бузган унааларды кармоо иши уланууда.

 Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББ эскертет:  249-1 “Автобейбаштык” беренесинин негизинде , башкача айтканда, автотранспорт каражатынын айдоочусунун же транспорт каражатында болгон адамдардын коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын көз көрүнө бузган, коомго карата даана сыйлабастыкты билдирген, Жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын пайдалануунун эрежелерин бузуу менен коштолгон (автожарыш, белгиленбеген жерлерде ар каңдай түрдөгү көрсөтмө жүрүүлөр жана у.с.) атайылаган аракетине - администратидик айып 30дан 50гө чейинки эсепттик көрсөткүчтөгү  айып салынат.