Бишкек ШИИББнин ЖКККБны кызматкерлери чогулуш өткөрдү

Бишкек ШИИББнин ЖКККБны кызматкерлери техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы  милициянын подполковниги Белек Алымов жана Жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Мирлан Чалыбаев Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгынын жамаатына жана айдоочуларына чогулуш өткөрдү.

Мындай иш чаранын өткөрүү максаты троллейбустардын катышуусу менен болгон жол-транспорт кырсыктарын азайтуу.

 2018-жылдын 9 айынын ичинде троллейбустардын катышуусундагы 14 жол-транспорт кырсыгы катталып, ошондой эле жол кыймылынын эрежесин бузуу боюнча   20 административдик протокол түзүлгөн.