ЖКККБнын кызматкерлери айдоочулук күбөлүгү жасалма айдоочуну кармашты

 27-сентябрда  болжол менен саат 14:25 чамасында Бишкек-Манас унаа жолундагы Ак-Жол стационардык постунун Чүй облусу боюнча ЖКККБнын тескөөчүсү милициянын старшинасы Эсеналиев.Б жана  пропорщиги Смайылов.У  тарабынан   «Мазда - Демио» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жол кыймылынын эрежесин бузгандыгы үчүн токтотулган.

 

Документтерин текшерүүдө, 1992-жылы туулган А. уулу А. айдоочунун айдоочулук күбөлүгү жасалма экендиги аныкталган.

Анын айтымында,  айдоочулук күбөлүгүн жоготкондон кийин аны Россиядан жасаткан.

Азыркы учурда топтолгон маалыматтар Чүй облусунун Сокулук районунун ИИОнун тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

 Тергөө иштери башталган.