БМВ үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 13 жашар баланы сүзүп  окуя болгон жерден изин жашырып кеткен

2018-жылдын 7-октябрнда болжол менен кечки саат 17:40   Алматинка көчөсүнөн ГЭС-2ге бурулган жерден 2005-жылы туулган баланы сүзгөн. “БМВ” үлгүсүндөгү кочкул көк өңүгдөгү  автоунаанын айдоочусу жол транспорт кырсыгы болгон жерден биринчи жардам көрсөтпөстөн, тез жардам чакырбастан, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.

 Окуя болгондон кийин, ЖККК боюнча Аламедин РИИБини тескөөчүсү Калыс Кардыралиев күнөөлүнү издеп баштаган.

Бир аз убакыт өткөндөн кийин  изи сууй электе БМВ 520 үлгүсүндөгү кочкул көк өңүндөгү унаа каражаты жана айдоочу табылган.Айдоочу   Саламат У.,1997-жылы туулган Чүй облусунун Аламедин районун тургуну.

 Топтолгон маалыматтар Аламедин РИИБнин соттук органына өткөрүлүп берилип, унаа каражаты айып унаа токтотуучу жайга токтотулган.