Мигалкасы бар унаа ЖКККБнын кызматкерин сүзүп кете жаздады

2018-жылдын 4-октябрнада массалык маалымат каражаттарынан “Мигалкасы бар унаа ЖКККБнын кызматкерин сүзүп кете жаздады” аталышындагы видео тасма тараган.  Далилдин негизинде  Чүй облусу боюнча ЖКККБнын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мамлекеттик номуру №В1540М БМВ 540 үлгүсүндөгү  унаанын айдоочусу   1992-жылы туулган Сулейман Губайза, ошондой эле  мамлекеттик номуру №KZ007ZHA|02 Тойота – Лендкрузер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 1993-жылы туулган Нурсултан Темирбеков жана мамлекеттик номуру №01KG610AAS Лексус 570 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Расул Иминов кармалган.

Жогорудагы айдоочулар административдик жоопкерчиликке тартылып, топтолгон маалыматтар соттук органга өткөрүлүп берилген. Мыйзамсыз орнотулган маячоктор алынып, унаа каражаттары айып унаа токтотуучу жайга токтотулган.