Окуу жылдын башталышы менен ЖКККББнын кызматкерлери балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында үгүт-насаат иш чараларын байма-бай өткөрүүдө

Окуу жылдын башталышы менен ЖКККББнын кызматкерлери балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында үгүт-насаат иш чараларын байма-бай өткөрүүдө.  Жол кыймылынын коопсуздугун экипаждык тескөөчүлөрү кызматтык милдеттерин аткарууда  жашы жете элек өспүрүмдөрдүн жолдон туура өтүүсүн жана балдарды ташууда коопсуздукту сактоосун көзөмөлгө алууда.

Окуучулар менен жолугушууда кызматкерлер, жолдо кантип жүрүү керектиги жөнүндө түшүндүү иштерин жана жолдо жүрүүнүн маданияты тууралуу фильмдерди көрсөтүүү менен билимдерин тереңдетип бекитүүдө.

 Бүгүн Кыргыз Республикаснын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери Бишкек шаары боюнча ЖКККБнын кызматкерлери менен биргеликте  Бишкек шаарындагы №12 гимназиянын 5- классынын окуучуларына жол кыймылынын эрежелери тууралуу теориялык жана практикалык сабактар өткөрүлдү.  Теориялык бөлүгүндө атайын ЖКККББ тарабынан даярдалган  “Жол коопсуздугу” аталышындагы оюн түрүндөгү карталар, анда жолдун катышуучуларынын кайсынысы  жол кыймылынын эрежесин бузууда экендигин топ менен кеңешишип кызматкерлерге ким кандай эреже бузгандарын көрсөтүп, талкуулашты.  Андан соң кызматкерлер кесилген фигураларды жана жарык чагылдыруучу кагаздарды балдарга таратып, балдар өзүнүн тандаган фигураларына жараша кесип, чаптап,  атайын тешкич менен тешип резинка өткөрүп жасашып,аны асынган сумкаларына тагышат.  Ошондой эле окуучулар кызматкерлер менен кантип мектептен коомдук транспортко чейин, жолдон өтүүдө жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден коопсуз өтүү жана жетүү боюнча суроолорун берип, талкуулашты. Иш-чаранын жыйынтыгында катышкан ар бир окуучуга “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмеси менен биргеликте даярдалган, “Ата-энелерге кеңеш” аталышындагы китепчелерди таратып, окуучулардын  коопсуздугу үчүн жарык чалыгдыруучу элементтер пайда болду.  Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери ата-энелерге кайрылат, балдарыңыздар менен чогу жол кыймылынын эрежелерин кайталап, аларга кандай жол коопсуз экендигин түшүндүрүп берүүңүздөрдү жана сиздер тараптан терс мамиле жасалганын көргөн бала мугалимдердин жана кызматкерлердин коопсуздук тууралуу  берген билимдери көз жаздымда калышы мүмкүн.