Бүгүн, болжол менен кечки 18.45 чамасында Бишкек шаары боюнча ЖККБнын тескөөчүлөрү кызды куткарып калды

Бүгүн, болжол менен кечки 18.45 чамасында Бишкек шаары боюнча ЖККБнын тескөөчүлөрү милициянын сержанты  Кожокматов Толон жана старшина Эшбергенов Байыш  Л.Толстой көчөсүндө кызмат өтөп жатып,  көпүрөдөн кыздын секирүүгө аракет жасап жатканына күбө болгон. 
Көпүрөгө чуркап барып, кызды көрүп. Темирди араң кармап турган жеринен тескөөчү кармаганга жетишкен. Жакын өтүп бара жаткан элдер жардам берип кызды сактап калышкан.
 Маектешүүдөн баш тартып, кыз унчукпастан ыйлаган.
Тескөөчүлөр 102 ыкчам кызматына чалып, Бишкек шаардык Октябрь районунун Ички иштер башкармалыгына өткөрүп берген. 
Шаардын мектептеринин бириндеги  9 класстынын окуучусу экендиги аныкталаган. Бул кадамга баруусунун себеби   үй-бүлөлүк көгөйдөн улам болгон.
Биз ишенебиз бул кыздын келечеги кең жана бактылуу болооруна.