Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери жана бөлүмдөрү 7-сентябрдан 13-сентябрга чейин 19 065 жол кыймылынын эрежелерин бузууну аныктады

 Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери жана бөлүмдөрү 7-сентябрдан 13-сентябрга чейин 19 065 жол кыймылынын эрежелерин бузууну аныктады.

- 508 айдоочу тыюу салуучу жол чырагынан өткөн.

- Унаа каражатын мас абалда башкарган 191 айдоочу кармалган.

-  Жол белгилерин сактабагандыгы үчүн- 3564 айдоочуга айып салынган.

- Унаа каражатынын алдыңкы жана каптал  айнегин караңгылатуу боюнча 40 айдоочуга чара көрүлгөн.

- 2190 айдоочу унаа каражатын  жогорку ылдамдыкта башкарган.

- 35 айдоочу чоң жүк ташуунун эрежелерин бузган.

- Унаа каражатын башкаруу кубөлүгү жок-14 айдоочу кармалган.

917 унаа каражаты атайын унаа токтотулуучу жайга токтотулган.