ЖКККББнын тескөөчүсү өзүнүн өмүрүн тобокелге салып окуучуларды куткарды

1-октябрда болжол менен таңкы  9:00  Чүй көчөсүндө Бишкек ШИИББ боюнча ЖКККБнын 7-взводунун кенже тескөөчүсү, милициянын старшинасы Султаналиев Марат кызматтын өтөп жаткан кезде, Мерседес (БУС) үлгүсүндөгү унаанын катуу ылдамдыкта келе жатканын байкап, ал учурда окуучулар жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдон өтүп бара жаткан. 
Султаналиев окуучуларды куткаруу максатында  жолдун ортосуна чыкканда Мерседес келип сүзүп,10 метр  алыс кулап түшкөн.
 Азыркы учурда тескөөчү Бишкек шаардык илимий-изилдөө борборунун травматология жана ортопедия бөлүмүнө жаткырылган.