ЖКККББнын кызматкерлери жайкы эс алуу убагында балдардын катышуусу менен болгон жол транспорт кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында үгүт-насаат иш-чараларын жигердүү өткөрүүдө

ЖКККББнын кызматкерлери жайкы эс алуу убагында балдардын катышуусу менен болгон жол транспорт кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында үгүт-насаат иш-чараларын жигердүү өткөрүүдө.

2018-жылдын 19-июлунан 20 июлуна чейин  “Ак жол сага, бөбөгүм” аттуу акциянын алкагында Ысык-Көл облусундагы   «Дзержинец», "Спутник" жана "Орленок" жайкы эс алуучу жайларында конокто болдук.

Балдарга жол кыймылынын белгилери, жолдо жүрүү эрежелери тууралуу эскертип, тескөөчүнүн кыймыл-аракетин көрсөтүп, жайкы эс алуу убагында скутерди велосипеди кайсыл жактан тебүүнү жана жарык чагылдырган кийимдердин пайдасы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

 Маектешүү учурунда балдар жол кыймылынын эрежелерин мыкты деңгээлде билгендиги байкалып, кызыккан суроолорду берип, толук жооп алышты.  Балдар убактылуу  ЖКККББнын кызматкери болуп ойноодо кызыгуу жаралды.

Иш-чаранын аягында балдарга жарык чагылдыруучу билериктерди таратып, ар бири биз менен эстелике сүрөткө түшүп,  бул иш-чара жаккандыгын билдиришти.

Биз балдар менен коштошуп жатып, жол кыймылынын эрежелери тууралуу билимдерине толуктоолорду киргизе алдык деген ишенич менен кайтып келдик.