Ысык-Көл облусунун аймагында 13-июлдан 15-июлга чейин “Унаа башкаруу”коддук аталышта рейддик иш чара өткөрүлдү

Ысык-Көл облусуна эс алууга келген чет элдик туристердин жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында рейддик иш-чара өткөрүлүп, эки күндүн ичинде жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча  525 айдоочуга административдик протокол түзүлгөн.
Анын ичинен:
- 19- автоунаа  атайын унаа токтотулуучу жайга токтотулган,
- мыйзамсыз айнегин караңгылатуу боюнча- 4 айдоочу
- 9- айдоочу мас абалында унаа башкаруу боюнча кармалган
- Башка жол кыймылынын эрежелерин бузган- 493 учур катталган. 
 
Мындан тышкары  ЖККБнын кызматкерлери жүргүнчүлөрдү ташуучу кичиавтобустарга жана жеңил автоунааларга жол транспорт кырсыктарын алдына алуу жана болтурбоо, жол кыймылынын эрежелерин бузбоо тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.