Ыссык-Көл облусунун ЖКККБнын кызматкерлери “Унаа башкаруу!” атту иш чара өткөрдү

2018-жылдын 8-июлунда Ыссык-Көл облусунун аймагында жол кырсыктарын алдын алуу жана жол кыймыл коопсуздугун сактоодо үгүт-насаат иштерин жүргүзүү максатында   Ыссык-Көл облусунун ЖКККБнын кызматкерлери  “Унаа башкаруу!” атту  иш чара өткөрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ыссык-Көл облусунун ЖКККБнын өздүк курамыны тарабынан кыска мөөнөтүн ичинде  эле 203 жол кыймылы боюнча административдик укук бузуу катталган.
Анын ичинде:

- 8-айдоочу унааны мас абалда башкаруу,
- 12 -айдоочу унаа каражатын тиешерлүү документи жок башкарган,
- Мамлекеттик белгиси жок унаа башкарган -1,
- Ылдамдык эрежесин бузуу боюнча-70,
- Башка жол кыймылын эрежелерин бузган -112 учур катталган.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын,30-жаштагы тургуну Ю.Ш атту жаранына унаа каражатын алдыңкы айнегин  караңгылатып башкаргандык үчүн айдоочуга айып салынган.

Ыссык-Көл облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери сиздерге жакшы маанай каалап, жол кыймыл эрежелерин сактоо  жакшы эс алуунун ачкычы экендигин эскертет!