ЖКККБ Муфтият менен биргеликте айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө “Адам жаны Аманат” аттуу акция өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жолкыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы менен биргеликте өлкөбүздөгү жол кырсыктарын болтурбоонун алдын алуу жана жарандарыбызга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында, 3-апрелинде борбордукАла-Тоо аянтында айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө «Адам жаны Аманат» аттуу акция өткөрдү.

Акцияга Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, КР ИИМдинЖол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орунбасары, милициянын полковниги Саркулов Ыманалы Кадырбаевич, Азирети Муфтийдинорун басары Жоробай ажы Шергазыев, КМДБнын Аппарат жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев катышты.

Акция алкагында Азирети Муфтий айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө адам өмүрү баалуу экендигин, жол кыймылынын эрежесин сактоо милдеттүү экендигин айтып, ар кандай кырсыктардан оолак болууга чакырды. Ал эми КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Саркулов Ыманалы Кадырбаевич Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы менен биргеликте уюштурулуп жаткан «Адам жаны Аманат» аттуу акция өзүнүн жакшы натыйжасын берип, жол кырсыктарынын азайышына салым кошооруна тилектештигин билдирди.

«Адам жаны аманат» аттуу акция Бишкек шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу авто бекеттерде улантылып, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарына каттаган такси айдоочуларына  түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ал эми айдоочулар бул акциянын уюштурулушу учурдун талабы экендигин айтышып, дагы бир жолу дем бергенин жашырышкан жок.

Эскерте кетсек, «Адам жаны аманат» аттуу акция 9-апрелде өлкө аймагында облустук казыяттар менен ЖКККББнын облустардагы бөлүмдөрү, райондук жана айыл аймактык деңгээлде улантылаары болжолдонууда.