Баткен облусунда «Көңүл бургула, балдар!» иш чара өткөрүлүүдө


Окуу жылындагы жазгы эс алуу күндөрүнө карата "Көңүл бургула,  балдар!"аталышында иш чарасын Баткен облусунун ЖКККБы кызматкерлери жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү менен биргеликте өткөрүштү.

Иш чаранын алкагында Баткен шаарынын автобекеттерине жана жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалар чогулган аялдамаларына барыпжаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарын болтурбоо жана алдын алуу боюнча айдоочулар менен маек өткөрүп, “Абайла балдар!”“Ылдамдыкты сакта!” жана башка аталыштагы үгүт баракчаларды жүргүнчү ташуучу унаалардын айнектерине чаптап, айдоочуларга жана жол кыймылынын катышуучуарына  түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.