Талас облусу боюнча ЖКККБнын тескөөчүлөрү тарабынан автоунааны айдап качкан жаран кармалды


 

2018-жылдын 22-март күнү Талас облусунун Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө Кызыл-Октябрь айылынын 49 жаштагы Н.О. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, 22-мартка караган түнү арыз ээсинин үйүнүн алдындатоктоп турган “Ауди-С4” үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар уурдап, айдапкачып кеткендиги тууралуу билдирген.
Республика аймагында өткөрүлүп жаткан “Унаа-издөө-Костоправ” аталышындагы иш-чарасынынын жүрүшүндө Талас облусу боюнча ЖКККБнын тескөөчүлөрүнүн ыкчам иш алып барууларынын негизинде, облус аймагынан чыгарбай унаа кармалып, кылма шкашектүү катары Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 42 жаштагы Т.Ү. аттуу тургуну кармалган.
Унаа атайын токтотулуучу жайга киргизилип, шектүү жаран Бакай-Ата РИИБнин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.