Нарын ОИИБы боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан


 

Нарын ОИИБы боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан 2018-жылдын 15- март күнүнөн 22-март күнүнө чейин республика аймагында өтүп жаткан "Авторозыск-костоправ"аталыштагы иш-чаранын алкагында унааларды түздөп жана боёп жеке ишкердик кылган ишкерлер текшерилип, тийешелүү ишкердик иш-кагаздары жокторуна 7 административдик протокол түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Административдик чаралар кодексинин 213-беренесинин 3-бөлүмү менен чаралар көрүлдү. Ошондой эле, облус аймагында одоно жол эрежесин бузган жети жүздөн ашык айдоочуга, анын ичинен спирт ичимдигин ичип унаа башкарган 9 айдоочуга административдик протокол түзүлдү.
Жалпы жонунан 15 унаа ар кандай жол эрежелерин бузуу менен атайын токтотуучужайга киргизилди.