Апта ичинде республика аймагында 22312 жол кыймылын эрежелерин бузуу катталды.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын көзөмөлүндө республика аймагында жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында иш чара жүргүзүшүп, жол эрежелерин одоно бузган айдоочуларга карата тиешелүү чараларды көрүштү.

2018-жылдын 12-март күнүнөн 18-март күндөрү жол кыймылынын катышуучуларынын арасында одоно жол эрежелерин бузган айдоочуларга карата тиешелүү чараларды көрүлдү.

Аталган рейддик иш-чаранын алкагында жалпы жолунан жол эрежесин бузган 22312 факты аныкталса, анын ичинен мас абалда автоунаа башкарган 308 айдоочу кармалып тиешелүү чаралар көрүлгөн.

Ал эми, 4260 айдоочуга жол чийиндерине жана белгилерине баш ийбегендик үчүн , 37 айдоочуга унаанын терезелеринкараңгылатып башкаргандыгы, 3071 айдоочуга жолдордогу ылдамдыкты сактабагандыгы үчүн, ошондой эле, андан башка жол кыймылынын эрежелерин бузган 14673 айдоочуга административдик протоколдор түзүлүп,975 автоунаа атайын унаалардытоктотуучу аянтчаларга киргизилди.