КУЛАКТАНДЫРУУ!!!

06.11.2019

Объявление

Сынакка катышууга документтер 2019-жылдын 14-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Кадрлар бөлүмү тарабынан Бишкек шаары, Ч.Валиханов көчөсү 1а дареги боюнча кабыл алынат, кошумча маалыматтарды сурап билүү тел.  +996 312 63-02-53, +996 312 63-12-75.                                   

Сынакка төмөнкү адамдар катыша алат:

1)   Эркектер жана аялдар, Кыргыз Республикасынын жарандары;

2) Жарандык жаштардын катарынан талапкерлер болууга шарт:

-  Катардагы кызмат орунга 19 жаштан 30 жашка чейинки курактагылар;

-  Офицердик кызмат орунга 21 жаштан 35 жашка чейинкилер болууга шарт.

3) Сынактын катышуучулары болгон ИИМдин кызматкерлерине карата жаш курактык талаптар,  учурдагы мыйзамдарга ылайык каралат;

4)  Соттолбогону тууралуу маалымкат;

5)  «В» категориясындагы айдоочулук күбөлүгү болууга тийиш;

6)  Офицердик орунга талапкерлигин койгондор жогорку билимдүү, кенже курамга орто билимдүү болуусу керек;

7) Башкармалыктын начальнигинин кызмат ордуна талапкерлигин койгондор  үчүн – укук коргоо органдарында жетектөөчү кызмат ордунда үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасына болууга тийиш;

8)  Эркектердин боюнун узундугу 170 см кем эмес, ал эми аял кишиники 165 см кем эмес болуш керек.

9)  Биринчи сынакка катышкан жана тандоодон өтпөй калган талапкерлер жалпы негиздерде экинчи сынакка катыша алышат.

Бош кызмат орундарынын тизмеси жана башка маалыматтар ИИМдин ЖКККББнын расмий сайтында  жайгаштырылган.

ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы