Жол-транспорт кырсыктары

13.01.2018
Бишкек шаарынын ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан, жол эрежесин одоно бузган жаран административдик жазага тартылды.

Бишкек шаарынын ЖКККБнын кызматкерлери тарабынанжүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттеринин негизинде, 2018-жылдын 6-январь күнү болжолменен саат 16:00 чамасында Бишкек шаарындагы Шабдан Баатыр көчөсүндө “ХондаОдисей” үлгүсүндөгү автоунаасынын айдоочусу 30-жаштагы М.Ж. аттуу айым алдынажаш баласын алып отуруп, унаа башкарып жол эрежесин одоно бузган.

13.01.2018
ЖКККББнын кызматкерлери жол кырсынан улам каза болгон жөө жүргүнчүнүн өлүмүнө шектүү айдоочуну кармашты.

Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринде ар түрдүү дене жаракаттары менен эркек киши табылып, баш тарабына сокку болгону жана тизесинен жогору жагынан сынгандыгы аныкталып, мас абалында ооруканага жеткирилгендиги жөнүндө тер жардам кызматынан маалымат келип түшкөн.

11.01.2018
Бишкек шаарынын Айтматов жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде үч унаа катышкан жол кырсыгы катталды

2017-жылдын 10-январь күнү болжол менен кечки саат 17:44 чамасында “БМВ-520” үлгүсүндөгү автоунаанын 19-жаштагы айдоочусу Айтмаов проспектиси менен түндүктү көздөй бара жатып, Абдрахманов жана Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинен чыккан “Мерседес-Бенс D250” үлгүсүндөгү автоунаанын арткы тарабынан сүзүп алган, “Мерседес-Бенц D250” үлгүсүндөгү автоунаа карама-каршы жолго чыгып, Айтматов көчөсү менен түштүктү карай бараткан “Мерседе-Бенц-S320” үлгүсүндөгү автоунааны сүзгөн.